Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:56

Феликс Куловдун жактоочулары жөө жүрүш жасашат


БИШКЕК. «Ар-намыс» партиясынын азыр камакта жаткан төрагасы Феликс Куловдун жактоочулары ушул айдын 15инде Бишкектен Сокулук районунун аймагындагы Жаңыжер түрмөсүнө чейин жөө жүрүшкө чыгышат. Мындай маалымат бүгүн Куловду коргоо боюнча жумурияттык штабдын төрагасы Турсунбек Акундан алынды. Анын маалыматына караганда, жүрүшкө штабдын мүчөлөрүнөн тышкары саясий партиялардын жана укук коргоочу уюмдардын өкүлдөрүнүн катышуусу күтүлүүдө. Алар жүрүш менен Феликс Куловдун абактан чыгуусуна мезгил жеткендигине бийликтин көңүлүн бурууга аракет кылышат. Феликс Куловдун жактоочулары 2002-жылдын 29-октябрында Аламүдүн районунун Байтик айылына карай жөөжүрүш жасашкан. Алардын жолун тоскон милиция жүрүштүн алты мүчөсүн кармап, бир суткадан кийин өткөн сотто үчөөнө 1000 сомдон айыппул салган.

XS
SM
MD
LG