Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:14

АКШга кирүүчүлөрдөн бармак тамга алынат


ВАШИНГТОН. 30-сентябрдан тартып АКШга келген чет өлкөлүктөрдүн баарынын бармактарынан тамга алынат. Андан тышкары, Канаданын жана Мексиканын атуулдарынан башка баардык чет элдиктер, чек арадан өткөндө сүрөткө түшүрүлөт.
Мындай тартип мурда эле киргизилген. Бирок мурда бул тизмеге визалык жеңилдиктери бар 27 өлкө, көбүнесе Европа өлкөлөрү киргизилген эмес болчу.
АКШнын ички коопсуздук министринин орун басары Asa Hutchinson бул өлкөнүн коопсуздугу үчүн жасалып жаткандыгын билдирди:
- Бармактардан тамга алуу жана сүрөткө түшүрүү Американын меймандостугуна туура келээрине, алардын коопсуздугун жеңилдетээрине жана келген адамдардын өлкөнү кыдыруусуна шарт түзөөрүнө эл өзү күбө болот. Анткени биз бул аркылуу өлкөгө келүүчүлөрдү аныктап, алардын коопсуздугу үчүн кам көрүп турмакчыбыз.


Эл аралык кабарлардын кечки түрмөгүн даярдаган - Сапар Орозбаков, Прага шаары.

XS
SM
MD
LG