РИМ. Италиянын бийлиги өлкөнү ислам жоочуларынан тазалоо операциясын аяктады деп жарыялады. Анын айтымында, 90 адам кармалып, алардын кайсы өлкөдөн экендиги такталып жатат. Мыйзамсыз жашап жүргөнүнө байланыштуу 15 адам өлкөдөн чыгарып жиберилүү алдында турат. Алардын көпчүлүгү марокколуктар экендиги айтылууда.
Италиянын ички иштер министри Жузеппе Пизану бул операция Мадриддеги жардырууларга байланыштуу өткөрүлүп жаткан профилактикалык чаралар экендигин билдирди.
Италиянын ички иштер министри Жузеппе Пизану бул операция Мадриддеги жардырууларга байланыштуу өткөрүлүп жаткан профилактикалык чаралар экендигин билдирди.