Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:25

Испанияда өткөн айдагы ири терракты уюштурган топтун мүчөлөрү кармалды жана жок кылынды


Бул тууралуу кечээ өлкөнүн ички иштер министри Анхел Асебес жарыялады. Анын басма сөз жыйынында билдиргенине караганда, 11-мартта поезддерде жасалган жардыруулардын негизги уюштуруучусу деп шектелген, теги боюнча тунисттик Серханди Абдельмажид Фархед Мадриддин чет жакасында ишембиден жекшембиге караган түнү полиция курчоого алган үйдө өзүлөрүн жардырып жиберген беш адамдын ичинде болгон:

- Биз жүргүзгөн камоолордон жана кечээги жардыруулардан кийин терракты жасаган башкы топтун мүчөлөрү кармалды же өз жанын өздөрү кыйышты.

Испан ички иштер министринин айтымында, беш кылмышкердин өзүн-өзү жардыруусунан полиция кызматкерлеринин бири курман болуп, 11и жаракат алган. Ошондой эле алар башпаанектеген үйдөн ири өлчөмдө жардыруучу заттар табылган. Өткөн айдагы террактка катышы бар деген шек менен учурда 15 киши камакта отурат. Анда поезде жасалган жардыруулардан 200дөй киши каза тапкан.

XS
SM
MD
LG