Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:00

6-апрелге аба ырайы тууралуу маалымат


Аба ырайы тууралуу шашылыш билдирүү!
Бишкектеги аба ырайын маалымдоо борборунун кабарлоосунда 6-апрелден сегизине чейин республика боюнча аба ырайында кескин өзгөрүүлөр болот. Жамгыр жаап, тоолуу өрөөндөрдө ал карга айланат. Чүй, Талас, Ош, Жалалабад, Баткен облустарынын аймактарында -1 градустан –6 градуска чейин суук болуп, үшүк жүрүшү күтүлөт. Үшүк гүлдөгөн данектүү дарактарга коркунуч туудурушу мүмкүн.
6-апрелде Кыргызстандын кээ бир чөлкөмдөрүндө жамгыр жаайт.
ЧҮЙДӨ абанын температурасы түнкүсүн +5…+10, күндүз +6…+11 градус жылуу.
ТАЛАС дубанында түнкүсүн +4…+9, күндүз +5…+10 градус жылуу.
ОШ, БАТКЕН, ЖАЛАЛАБАД аймактарында түнкүсүн +8…13, күндүз +10…+15 градус жылуу.
ЫСЫККӨЛДӨ түнкүсүн +2…+7, күндүз +9…+14 градус жылуу.
НАРЫНДА түнкүсүн 0…+5, күндүз +9…+14 градус жылуу.
БИШКЕКТЕ мезгил-мезгили менен жамгыр жаашы күтүлөт. Абанын температурасы түнкүсүн +7…+9, күндүз +8…10 градус жылуу болот.

Жаңылыктар түрмөгүн Айданбек Акмат уулу, Азиза Турдуева жана дубандардагы кабарчылар даярдашты.

Редактор - Кубат Оторбаев.

XS
SM
MD
LG