КАРАКОЛ. Ысыккөл облустук физкультура, спорт жана жаштар саясаты департаменттен алынган маалымат боюнча, Каракол шаарындагы Ысыккөл кинотеатрынын базасында түзүлгөн жаштар жана спорт коомдук фонду республиканын юстиция министрлигинен каттоодон өттү. Айтылган пикирлерге караганда, облустун борбор калаасындагы жападан жалгыз, анын үстүнө кароосуз калып, тамтыркайы кеткен кинотеатрды оңдоп-түздөп, жаштар үчүн эс алуучу жай уюштуруу максатында бул фонд түзүлдү. Кинотеатрды толук капиталдык ремонттон өткөрүү үчүн эң кеминде бир миллиондон ашуун акча каражаты жумшалышы керек.