Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:40

5-апрелден тарта Бишкек-Баткен аба каттамы кайрадан жүрө баштады


БАТКЕН. Бул каттамды ишке ашырып жаткан "Алтын эйр" авиакомпаниясынын АН-24 үлгүсүндөгү учагы Баткен аба майданына конгон соң, аталган каттамдын кайра жүрө баштаганына арналган чакан салтанат өттү. Анда облус губернатору Аскарбек Шадиев сөз сүйлөп, 2001-жылдан бери токтоп калган бул каттамдын кайра жанданышы өзгөчө окуя экенине, өлкө борборунан миң чакырымдай алыста турган облустун калкы эми кыйналбай-кысталбай эле бир саатта Бишкекке жетип алууга мүмкүнчүлүк түзүлгөнүнө токтолду. Мындан сырткары губернатор облустагы жана кошуна өлкөдөгү соодагерлер үчүн Баткен-Үрүмчү багытындагы чартердик аба каттамын ачууга да аракеттер көрүлүп жатканын белгиледи. Бишкек-Баткен аба каттамы мындан ары жумасына бир жолу ар дүйшөмбү сайын жүргүзүлөт, ал эми жол киреси Бишкек-Ош аба каттамы наркы менен бирдей, тактап айтканда 1600-1900 сомдун тегерегинде.

XS
SM
MD
LG