БИШКЕК. «Арнамыс» партиясынын азыр камакта жаткан төрагасы Феликс Куловду бошотуу талабы менен нааразылык акциясын өткөрүү боюнча саясий партиялар менен бейөкмөт уюмдар тарабынан карама каршы пикирлер айтылууда. Оппозициялык көз караштагы саясий партиялар, алардын ичинде «Атамекен» социалисттик, «Асаба» кайра жаралуу, Кыргызстан демократиялык кыймылы, Кыргызстан коммунисттер жана башка партиялар нааразылык акциялар аркылуу Феликс Куловдун абактан чыгуусуна мезгил жеткендигине бийликтин көңүлүн буруунун зарылдыгы жөнүндө билдиришүүдө. Ал эми бийликти колдогон партиялар ар кандай нааразылык акциялар аркылуу сот чечимине кийлигишүүгө жол берилбеши керек деп белгилешүүдө. «Алга, Кыргызстан» партиясы да ушундай пикирди карманууда. Феликс Куловду коргоо боюнча республикалык штаптын демилгеси менен 15-апрелге Бишкектен Кулов жаткан Чүй облусуна караштуу Сокулук районундагы Жаңыжер түрмөсүнө чейин жөө жүрүш белгиленген. Ага саясий партиялар, бейөкмөт уюмдардын, Куловдун жактоочуларынын катышуусу күтүлүүдө.