БИШКЕК. Бүгүн Кыргызстанга Экономикалык кызматташуу уюмунун баш катчысы Оразбай Асхат келди. Ал ушул эле күнү өкмөт үйүндө биринчи вице-премьер-министр, транспорт жана коммуникация министри Кубанычбек Жумалиев менен жолугушуп, Кыргызстан менен ЭКУнун кызматташуусу тууралуу пикир алмашты. 6-апрелде Оразбай Асхатты президент Аскар Акаев кабыл алат, андан кийин ал өлкөнүн тышкы иштер министри Аскар Айтматов менен сүйлөшүүлөр өткөрмөкчү. Регионалдык экономикалык кызматташууну өнүктүрүүнү максат кылган Экономикалык кызматташуу уюму 1985-жылы түзүлгөн жана он мамлекет мүчө.