Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:13

Президент Жапонияга барат


БИШКЕК. Бүгүн өкмөт үйүндө президент Аскар Акаев Жапониянын Кыргызстандагы толук ыйгарым укуктуу элчиси Тошио Цунодзакини кабыл алды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты. Маалыматка караганда, жолугушууда эки өлкөнүн соода-экономикалык кызматташуусу жана президент Аскар Акаевдин 20-22-апрелде Японияга жасалчу сапары талкууланды. Президент элчи менен жолугушууда жапон элинин жардамы үчүн ыраазычылык билдирип, Жапонияга жасала турган сапар эки тараптуу мамилени андан ары өнүктүрүүгө салым кошот деген пикирин билдирген. Сапар учурунда Жапонияда Кыргызстандын элчилигин ачуу каралууда.

XS
SM
MD
LG