Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:47

Мыйзамчы депутаттар шайлоочулар менен жолугушууда


БИШКЕК. Бүгүндөн тартып парламенттин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаттары шайлоо округдарын кыдырууну башташты. Апта бою палатанын депутаттары жер-жерлерде орун алган көйгөйлүү маселелер, район, айылдардагы калктын турмушунун абалы менен таанышышат. Шайлоо округдарынан келгенден кийин депутаттар адаттагыдай эле жер-жерлерде айтылган маселелерди чечүү боюнча тиешелүү министрликтерге жана башка мамлекеттик органдарга кайрылышат. Депутаттар февраль айында шайлоо округдарында болгон учурда шайлоочулар тарабынан негизинен жарыктын өчүрүлүшү, дыйкандардын жазгы талаа иштерине даярдыгынын начардыгы, пенсия, айлык акыларынын берилбей жатышы, айрым жерлердеги мектептердин эскилиги окуучулардын өмүрүнө коркунуч туудуруп жаткандыгы боюнча нааразылыктар айтылган.

XS
SM
MD
LG