Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 10:58

Ас-Садр мыйзам бузду деп жарыяланды


Багдаддын батышындагы аш-Шоула районунда радикалдуу шиит диниятчысы Моктада ас-Садрдын желдеттери менен коалициялык күчтөрдүн чакан кагылышуусу болду. Азаттыктын кабарчысы Сами Алкожо бүгүн аш-Шоуладан мындай деп билдирди:

- Коалициялык күчтөр бир нече көпүрөнү жабышты. Алар танкелер, аскерий машинелерди бир жерге топтошууда. Тикучарлар асманда тынбай учууда. Алар эмнени күтүп жатышат. Аны мен билбейм.

Ирактагы америкалык администрациянын башчысы Пол Брэмер бүгүн ас-Садрдын ишмердүүлүгүн мыйзамсыз деп жарыялады:

-Ал (ас-Садр) Ирак өкмөтүнүн мыйзамдуу бийлигинин ордуна өз бийлигин орнотуу үчүн өтө катуу аракеттенүүдө жана коалициялык күчтөр, мен кечээ айткандай, анын бул аракетине чыдабайт.

Багдадда жана Нажаф шаарларында садрчылар менен коалициялык күчтөрдүн ортосунда болгон кечээки кагылышууларда кеминде 90 киши окко учкан. Алардын ичинде чет элдик тогуз аскер бар.

XS
SM
MD
LG