АКШ Конгрессинин делегациясы Өзбекстандын жетекчилигин демократиялык реформаны чечкиндүү алга жылдырууга чакырды. Өкүлдөр палатасынын мүчөсү Дэвид Драйер бүгүн Ташкенде Өзбекстандын тышкы иштер министри Сафарали Сафаев менен жолуккандан кийин ырасмий Ташкен “саясый жана экономикалык эркиндикти олуттуу кеңейтүүчү” кадамдарды жасашы зарыл экенин кабарчыларга билдирди.
Драйер АКШ өкмөтү Өзбекстанда болгон террордук чабуулдарды тергөөгө жардамдашууну сунуш кылганын да билдирди. Өткөн жумада Өзбекстанда болгон калайманда 47 кишинин өмүрү кыйылган.
Драйер АКШ өкмөтү Өзбекстанда болгон террордук чабуулдарды тергөөгө жардамдашууну сунуш кылганын да билдирди. Өткөн жумада Өзбекстанда болгон калайманда 47 кишинин өмүрү кыйылган.