Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:53

Литванын парламенти президентке импичмент жарыялоо маселесин талкуулоодо


Маселе бүгүн добушка коюлушу мүмкүн. Эгер парламенттин 141 депутатынын 85и импичментти колдосо, президент кызматтан четтетилет. Өткөн аптада Литванын Конституциялык соту президент Башмыйзамды жана эл алдында берген антын бузган деп тапкан. Коюлган айыптардын бири президент Паксастын - теги орусиялык Юрий Борисов аттуу ишкерге өлкөнүн атуулдугун берүү жөнүндөгү чечимин менен байланыштуу. Эларалык кылмыш тобу менен алакасы бар деп шектелген ал ишкер кезинде Паксастын шайлоо кампаниясын каржылаган. Р.Паксас өзүнө тагылган айыптоолорду четке кагып келүүдө, кечээ калкка жасаган кайрылуусунда ал парламенттеги добуш берүү алдында кызматтан өз эрки менен чегинбесин, бирок анын жыйынтыктарын ар намыстуулук менен кабыл алаарын билдирди.

XS
SM
MD
LG