Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:16

ЕВРОПА ӨНҮГҮҮ ЖАНА КАЙРА КУРУУ БАНКЫ ӨЗБЕКСТАНГА ЖАРДАМ БЕРЕТ


Сапар Орозбаков, Прага Бүгүн - 6-апрелде Европа өнүгүү жана кайра куруу банкы Өзбекстанга канча жардам бөлөөрүү тууралуу өзүнүн чечимин жарыя кылаары күтүлүүдө. Буга байланыштуу Өзбекстандын тышкы иштер министри Савик Сафаев жекшемби күнү журналисттер үчүн пресс-конференция өткөрүп, өлкө акыркы жылы чоң ийгиликтерге жетишти, аны эларалык каржы уюмдары эске алууга тийиш деп билдирди. Көз карандысыз адистер болсо, өлкөдө реформалар өтө эле солгун жүрүп жаткандыгын белгилешүүдө.

Министр Савик Сафаев өзүнүн сөзүндө эгерде Европа өнүгүү жана кайра куруу банкы Өзбекстандын экономикалык жана демократиялык реформаларды жүргүзүүдөгү ийгиликтерин байкамаксанга салса, анда ал “адилетсиздик жана туура эмес болоор эле" деди. Ал камактагылар кыйноого алынбасын деген эларалык укук коргоо уюмдарынын талабын аткаруу боюнча иш жүргүзүлүп жаткандыгын, ошону менен бирге, экономикалык саясат жаатында да жакшы саамалыктар бар экендигин, валютанын эркин алмашуусун камсыз кылуу жана менчиктештирүү программасын ишке киргизүү аракеттери башталгандыгын белгиледи.

Башка эларалык каржы уюмдар өлкөдөн кетип калгандыктан, өзбек өкмөтү азыр жалгыз гана Европа банкына үмүт артып калды. Ал өлкөгө жылына 30 млн. евронун тегерегинде жардам берет. Өткөн жылы банк өзүнүн жылдык чогулушун Өзбекстанда өткөргөндө ал укук коргоо уюмдары тарабынан катуу сынга алынган болчу. Банк Өзбекстандын аны менен кызматташууга даярдыгын сыноо максатында өткөн 12 айга 7 тапшырма берген.

- Өзбекстандагы абал жетиштүү деңгээлде жагымдуу. Ошондуктан биз 7 көрсөткүч койгонбуз. Биз ошол көрсөткүчтөр боюнча жылыштар барбы-жокпу байкап туралы дегенбиз. Алар көрсөткүчтөрдү канчалык жакшыртса, ошого жараша өлкөгө акча берилип турат, - дейт Европа банкынын Лондондогу маалымат катчысы Жефф Хайдей.

Human rights Watch укук коргоо эларалык уюму өзүнүн өткөн жумада тараткан билдирүүсүндө өзбек бийлиги дагы эле бейкүнөө мусулмандарды куугунтуктоону улантып жаткандыгын айтып чыкты. Европа банкы бул тууралуу өзүнүн бүтүмүндө айрым маселелер боюнча анча-мынча жылыштар бар экендигин, ошол эле убакта башка маселелер боюнча, тескерисинче, артка кетүү учурлары болгондугун белгилейт.

Өзбекстандын экономикасында өсүп-өнүгүүгө мүмкүнчүлүк берген либералдуу шарт жок деп, банк өзүнүн өлкөгө берип жаткан жардамын азайта тургандыгын билдирет. Ал мындан ары өкмөттү эмес, карапайым калкты колдой турган долбоорлорго көп көңүл бөлөөрүн эскертет.

АКШнын администрациясы да өлкөгө жардам берүүнү ойлонуштуруп жатат. Ал демократиялык реформалар жүргүзүлгөндө гана Өзбекстанга жардам берилээрин билдирүүдө. Кечээ өзбек бийлиги менен сүйлөшүү жүргүзүү үчүн АКШнын үч конгрессмени Ташкенге келди.

Жекшемби күнкү пресс-конференцияда министр Сафаев Ташкендеги жана Бухарадагы соңку террордук чабуулдар жөнүндө да сөз кылып, Өзбекстан террорчулукка каршы баардык аракетин жасап жаткандыгын билдирди. Анын айтымында, Өзбекстанда жардырылган бомбаларда Мадридде, Стамбулда, Балиде жана АКШнын Танзаниядагы жана Кениядагы элчиликтеринде жардырылган бомбалардай эле аммонийдин нитраты колдонулуп жасалган.

XS
SM
MD
LG