Грузия президенти Михаил Саакашвили Брюссел шаарына келип, Европа комиссиясынын төрагасы Романо Проди менен жолукту. Сүйлөшүү алдында Проди бүгүн журналисттер менен кезигип, Грузияда жүргүзүлүп жаткан реформаларга Европа Биримдиги колдоо көрсөткөнүн билдирди жана расми Тбилисини - Грузиянын курамына кирген жумурияттар менен болгон чатакты тынчтык ыкмалары менен чечүүгө чакырды.