Түркмөн президенти Сапармурад Ниязов кечээ күнү өкмөттү сынга алып, мугалим менен врачтарга маяна төлөнбөй жатканын катуу айыптады, анткени төлөнбөгөн айлыктын жалпы көлөмү 270 миллион долларга чаап кеткен. Андан тышкары, Түркмөнбашынын айтымында, алтын тиштердин ордуна жарандар ак тиш салдырууга тийиш. Мурда президент сакал өстүрүүгө, балет бийлөөгө жана циркте ойноого тыюу салган.