Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:09

Европалык банк Өзбекстанга насыя берүүнү токтотту


Европанын кайра куруу жана өнүгүү банкы бүгүн атайын билдирүү жасап, Өзбекстанга насыя берүү токтотулганы тууралуу жарыялады, анткени бийлик өлкөдөгү саясий куугунтуктоолорду токтото албай жатат. Банктын президенти Жан Люмьердин айтымында, банк Өзбекстанда реформа жүргүзүүнү талап кылат, бирок кадимкидей ишкер алакадан баш тартат. Ташкенге айтылып жаткан сындардын негизгилери - декабрда өтө турган парламенттик шайлоонун алдында өлкөдө бир да оппозициялык уюм каттала элек, маалымат каражаттарынын баары өкмөттүн көзөмөлүндө, сын айткан журналисттер болсо дароо куугунтукталат.

XS
SM
MD
LG