Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Май, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:31

Ооган президенти апийим өстүрүүгө каршы жихад жүргүзүүгө чакырды


Ооганстандын президенти Хамид Карзай бүгүн атайын билдирүү жасап, элди апийим өндүрүүгө каршы жихад жүргүзүүгө чакырды.

- Өлкө карыяларына жана диний жетекчилерге кайрылып, мен аларды - апийим жана башка маңзаттарды өндүрүүгө каршы жихад сыяктуу күрөш баштоого чакырам.

Өкмөт даярдаган атайын программа боюнча, өлкөдө өндүрүлгөн апийимдин кеминде 20 пайызы жок кылынууга тийиш. 5-апрелде ооган жетекчилиги америкалык аскерлер менен биригип, өлкөнүн түндүк аймактарында беш тонна 400 килограмм апийимди өрттөп жок кылды. Анткен менен чыгыштагы Нангархар провинциясында эки миңге жакын адам апийимди жок кылууга каршы чыгып, митинг өткөрдү.

XS
SM
MD
LG