Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Апрель, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:28

СПИД илдети Ошто күч


ОШ. СПИД илдетин пайда кылуучу ВИЧ-инфекциясын жуктуруп алгандардын саны Ошто дагы жети адамга көбөйдү. Ош облустук СПИД борбору тарабынан жаңы жылдан бери шектелгендердин ичинен жети адам ВИЧ-инфекциясын жуктуруп алгандыгын Бишкектеги СПИД бирикмесинин лабораториясы тастыктап берди. Демек, Ош облусу боюнча ВИЧ-инфекциясын жуктургандардын саны 256 адамдан 263 адамга жетти. Алардын ичинен Ош шаарында 177 адам, Карасуу районунда 77, Алай районунда 3, Ноокат районунда 3, Өзгөн районунда 2, Араван районунда 1 адам аталган илдетке кабылган. ВИЧ-инфекциясынын күчөп бараткандыгына байланыштуу Ош облустук СПИД борбору Американын инфекциялык ооруларды көзмөлдөө уюмунун колдоосу менен баңгилердин, секс жумушчулардын, башка жугуштуу ооруларга кириптер болгон адамдардын жана боюнда бар аялдардын арасында СПИД илдетин иликтеп текшерүү иштерин 6-апрелден баштап кескин жандантты. Кампания 3 айга созулат.

XS
SM
MD
LG