Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:38

Талас облусунун 2003-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыгы чыгарылды


ТАЛАС. Бул окуяга арналган салтанат Талас шаарындагы Атай атындагы музыкалык мектептин жыйын залында өттү. Эл чарбасынын баардык тармактары боюнча өткөн жылы 4 район, бир шаардын ичинен Талас району жеңүүчү деп табылып, 25 миң сом сыйлыкка татыды. Бул райондун ошондой эле билим берүү жана маданият тармагынын кызматкерлери да жеңүүчү болушту. 37 айыл өкмөтүнүн ичинен Бакайата районундагы Бакайата айыл өкмөтү мыкты иштеди деп табылса, саламаттыкты сактоонун абалы боюнча Манас району алдыда болду. Өнөр жай ишканалардын ичинен Талас суу курулуш акционердик коому жеңүүчү аталды. Жыйындын айрым катышуучуларынын пикиринде жеңүчүүлөрдү аныктоодо дагы деле жең ичинен иш бүтүрүү токтобой жатат.

XS
SM
MD
LG