Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:01

Ыссыккөлдө металл калдыктарын алып-сатууга тыйуу салынды


КАРАКОЛ. Ысыккөл облустук бийлиги түстүү жана кара металдын калдыктарын топтоону, сатып алууну жана облус аймагынан ташып чыгарууга тыюу салган токтом кабыл алды. Бул токтом көптөгөн атуулдардын облус жетекчилигине кайрылуусу менен кабыл алынды. Айрым адамдардын айтымында, баалуу металдарды облустун аймагынан ташып чыгаруу аркылуу облустун экономикасына олуттуу зыян алып келүүчү укук бузуулар кездешүүдө. Кабыл алынган токтомго ылайык апрель айынан тартып облустун аймагынан түстүү жана кара металдардын калдыктарын чогултуу, сатып алуу жана сыртка ташуу убактылуу токтотулат. Ал эми облустук ички иштер башкармалыгы баалуу металдарды облустун аймагынан ташып чыгарууну жүргүзгөн жеке жана юридикалык тараптарга көзөмөлдүктү күчөтмөкчү.

XS
SM
MD
LG