БИШКЕК. Кыргызстан менен Кытай Эл Республикасынын ортосундагы аскердик техникалык кызматташуунун алкагында Кытай өкмөтү тарабынан аскердик жардам иретинде соңку 9 жыл ичинде 5,5 млн. АКШ доллары өлчөмүндө жардам көрсөтүлдү. 2004-жылы бул өлкөдөн Кыргызстандын армиясына жардам иретинде 8 млн. юань бөлүнүшү күтүлүүдө. Бул тууралуу бүгүн өлкөнүн коргоо министри Эсен Топоев Кыргызстандагы Кытай элчилигинин өкүлдөрүнүн катышуусунда болгон жыйын учурунда маалымдалды. Кыргызстандагы Кытай элчилигинин аскердик атташеси У Чуньжундун иштөө мөөнөтүнүн аякташына байланыштуу уюштурулган бул жыйында ошондой эле Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы аскердик кызматташууну өнүктүрүү маселелери боюнча да пикир алмашуулар болду. Эки өлкөнүн ортосундагы кызматташуулар эларалык терроризмге, экстремизмге каршы күрөшүү, Шанхай кызматташтык уюмунун алкагында биргелешкен аскердик машыгууларды өткөрүү жана башка багыттарда жүргүзүлүүдө.