Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Март, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:16

ЕККУнун төрагасы Бишкекке келет


БИШКЕК. Бүгүн кечинде Кыргызстанга Европадагы коопсуздук жана кызматташуу уюмунун азыркы төрагасы, Болгариянын тышкы иштер министри Саламон Пасси келет. Ал президент Аскар Акаев, парламент төрагалары Абдыганы Эркебаев, Алтай Бөрүбаев, тышкы иштер министри Аскар Айтматов менен жолугушмакчы. Алардын жүрүшүндө эки тараптуу мамиле менен катар эларалык жана регионалдык маселелер да талкууланмакчы. Саламон Пассинин андан сырткары өлкөнүн саясатчылары жана өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү менен кезигип, андан кийин маалымат жыйынын өткөрүшү белгиленүүдө. ЕККУнун Бишкектеги академиясынын проректору Аалыбек Акуновдун маалымдоосуна караганда, Саламон Пасси академиянын студенттери менен жолугушат.

XS
SM
MD
LG