Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:00

Акыйкатчы Т.Бакир уулу: "«Хизб-ут-тахрир» уюму күч колдонбойт"...


БИШКЕК. Өткөн аптада Өзбекстанда болгон жардырууларга «Хизб ут-Тахрир» уюмунун катышы жок. Анткени бул диний уюм Өзбекстан ислам кыймылынан айырмаланып, өз алдына койгон максаттарына жетүү үчүн күч колдонбойт жана куралдуу күрөш жүргүзбөйт. Мындай билдирүү Кыргызстандын акыйкатчысы Турсунбай Бакир уулу тарабынан бүгүн маалымат жыйынында жасалды. Акыйкатчы белгилегендей, эгерде «Хизб ут-Тахрир» уюму диний гана максаттарды көздөсө, анда чет өлкөлөрдөн көрсөтүлгөн каржылык жана башка жардамдардан баш тартып, юстиция министрлигинен ырасмий каттоодон өтүүгө тийиш. Мындай чакырык менен акыйкатчы «Хизб ут-Тахрир» уюмунун Кыргызстандагы мүчөлөрүнө кайрылды. Турсунбай Бакир уулунун пикиринде, «Хизб ут-Тахрир» уюмунун мүчөлөрү Кыргызстандын атуулдары катары өздөрүнүн конституциялык укуктарын туура пайдаланып, укуктук жана демократиялык өлкө курууда өз салымдарын кошууга аракет көрө башташы керек.

Өкмөт алдындагы дин боюнча комиссиянын төрагасы Өмүрзак Мамаюсуповдун айтымында, "Хизб ут-Тахрирдин" тынчтыкты гана көздөгөн уюм экенине күмөн саноочу жагдайлар бар. Мисалы, Кыргызстандан каттоодон өтпөгөн бул партиянын Батыштагы өнөктөштөрүнүн интернет баракчаларында куралды кантип пайдаланууну үйрөтөт.

XS
SM
MD
LG