БИШКЕК. Бүгүн парламенттин Эл өкүлдөр жыйынында «Мамлекеттик жаштар саясатынын негиздери жөнүндө» мыйзамдын аткарылышына байланыштуу маселелерди талкуулоо улантылды. Жаштарды социалдык жактан коргоо, алардын арасындагы жумушсуздук маселелери боюнча эмгек жана социалдык коргоо министри Роза Акназарова, ал эми жаштар арасында кылмыштуулуктун күчөшү жөнүндө ички иштер министри Бакирдин Субанбеков маалымат беришти. Жыйында жаштардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоону жакшыртуу, жаштарды жумуш менен, турак-жай менен камсыз кылуу маселелери көтөрүлдү. Спорт, туризм жана жаштар саясаты боюнча мамлекеттик комитетинин жаштар тармагындагы иши канааттандырарлык эмес деп табылды. Депутаттар өлкөдө жаштардын маселелерин чечүү үчүн аткаруу бийлигинин тийешелүү органдары тарабынан биргелешкен иш-аракеттер жүргүзүлүүгө тийиш деп белгилешти. Жыйындын соңунда өлкөдө жаштардын абалын жакшыртуу боюнча иш-чаралар каралган токтом кабыл алынды. Анда «Мамлекеттик жаштар саясатынын негиздери жөнүндөгү» мыйзамга толуктоолор менен өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн зарылдыгы жөнүндө да белгиленди. Статистикалык маалыматтар боюнча Кыргызстандын калкынын 38,4 пайызын жаштар түзөт.