Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:51

Литванын президенти Роландас Паксас кызматынан четтетилди


Ага кечээ өлкө парламенти – сейм импичмент жарыялады. Муну менен Роландас Паксас Европада импичмент жараяны аркылуу кызматтан четтетилген алгачкы президент болуп калды. Ал өзүнүн шайлоо кампаниясын каржылган теги орусиялык ишкерге өлкөнүн атуулдугун мыйзамсыз бергени, мамлекеттик сырды бузганы, менчиктештирүүнүн жүрүшүнө кийлигишкени үчүн күнөөлүү деп табылды.
Литванын Конституциясына ылайык, президенттин ыйгарым укуктары убактысынча өлкө парламентинин төрагасы Артурас Паулаускаска өттү. Эми алтымыш күндүн аралыгына жаңы шайлоо болушу керек.

XS
SM
MD
LG