Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:49

Ирактагы соңку уруштарда АКШнын 12дей жоокери каза тапты


Жоготуу Рамади шаарындагы уруштардын натыйжасында болду. Ирактын түштүгүндөгү шаарларда үч күндөн бери шийиттердин радикал дин ишмери Моктада ас-Садрдын жактоочулары менен коалициянын аскерлери ортосунда кагылыштар орун алууда. Алардан кеминде 100дөй ирактыктын жана коалициянын 30тай аскеринин өмүрү кыйылды. Кошмо Штаттардын коргоо министри Доналд Рамсфелддин билдиргенине караганда, Иракка кошумча күч жиберүүнүн зарылдыгы жок:

- Иракта азыр биздин 135 миңдей аскерибиз бар. Командирлер аскерлерди жайгаштыруу жараянынан улам бул жерде турган ашыкча күчтөрдү колдонууда. Эмне керек экенин алар чечишет жана зарыл нерсени алышат.

Доналд Рамсфелд Вашингтондогу басма сөз жыйынында ошондой эле бийликти ирактыктардын өздөрүнө өткөрүп берүү мурда пландангандай эле 30-июнга карата ишке ашырылаарын белгиледи.

XS
SM
MD
LG