Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Апрель, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:24

8-апрелге аба ырайы тууралуу маалымат


Аба ырайын алдын ала маалымдоо борборунун кабарлоосуна караганда 8-апрелде Кыргызстандын айрым аймактарында жамгыр жаап, карга айланат. Чүй, Талас, Ош, Жалалабад, Баткен облустарынын кээ бир жерлерине туман түшөт.
ЧҮЙ дубанында абанын температурасы түнкүсүн –1…-4 градус суук, күндүз +2…+7 градус жылуу.
ТАЛАСТА түнкүсүн –2 градустан –4 градуска чейин суук болуп, үшүк жүрөт. Күндүз +1…+6 градус жылуу.
Республиканын БАТКЕН, ОШ, ЖАЛАЛАБАД чөлкөмдөрүндө түнкүсүн –1…-3 градус суук, күндүз +4…+9 градус жылуу.
ЫСЫККӨЛДӨ түнкүсүн –2 градус сууктан +3 градуска чейин жылуу, күндүз +2…+7 градус жылуу болушу күтүлөт.
Тоолуу НАРЫН өрөөнүндө мезгил-мезгили менен кар жаап, түнкүсүн 0…-2 градус суук, ал эми күндүз +2…+7 градус жылуу болот.
БИШКЕКТЕ түнкүсүн кар жаайт. Күндүз жаан-чачын күтүлбөт. Абанын температрурасы түнкүсүн –1…-3 градус суук, күндүз +3…+5 градус жылуу.

Жаңылыктар түрмөгүн Бүбүкан Досалиева, Бакыт Аманбаев жана облустардагы кабарчылар даярдашты.

Редактор – Кубат Оторбаев.

XS
SM
MD
LG