Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:21

Базарларда патент акысы көбөйтүлдү


БИШКЕК. 1-апрелден тартып Бишкектин базарларында соода кылгандардын патент акысы 10%тен 100%ке чейин жогорулады. Өкмөт мындай чечимди базарларда кассалык аппараттарды орнотууга байланыштуу түзүлгөн макулдашуу комиссиясынын иликтөөсүнөн кийин кабыл алды. Натыйжада буга чейин ар бир соода орду үчүн 600 сомдон эки жарым миң сомго чейин төлөгөндөр эми товар жүгүртүүсүнүн көлөмүнө жараша жогорулатылган патент акысын төлөмөй болушту.

Өкмөт өткөн жылдын күзүндө базарларда кассалык аппараттарды орнотуу токтомун кабыл алгандан кийин соодагерлердин катуу нааразылыгын жаратып, өкмөт макулдашуу комиссиясын түзүүгө мажбур болгон. Бир нече айлык иликтөөдөн кийин соодагерлер кассалык аппараттарды орнотууга каршы болуп, патент акысын көтөрүүгө макул болушту. Мындай маалымат бүгүн каржы министрлигинен алынды.

XS
SM
MD
LG