Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:09

Литвадагы окуяларга кыргыз саясатчыларынын пикирлери


БИШКЕК. Литва парламентинин өлкө президенти Роландас Паксаска импичмент жарыялашына кыргыз саясатчылары ар кандай пикирде. Маселен, Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Азимбек Бекназаровдун айтымында, Литвадагы окуя Борбор Азия өлкөлөрүнө өз таасирин тийгизет:

-Литвадагы саясий окуянын таасири болбой койбойт. Кептин бары импичмент маселесин көтөргөн саясатчылардын аң-сезимдеринин деңгээлинде. Биздин саясатчылардын саясий деңгээли Европадагы саясатчылардын деңгээлине жетпейт. Аларда эгерде өлкө чегарасы бузулса мамлекет башчысын дароо кызматтан алышмак. Биздикилер импичмент турсун «Биздин чегара жок болчу, бул калмактардын жери болчу» деп айтып жатышпайбы.

Бекназаровдун жогорудагыдай пикирине Мыйзам чыгаруу жыйынынын дагы бир депутаты Карыпбек Алымкулов макул эмес:

- Кээ бирөөлөр Грузиядагы, Литвадагы окуялар бизге таасирин тийгизет дейт. Бул эми ар бир өлкөдө түзүлгөн кырдаалга жараша ишке ашат. Менин оюмча мындай пикирлер чындыкка жакын эмес. Туура эмес.

Ал эми «Кыргызстан коммунистери» партиясынын төрагасы Абсамат Масалиевдин пикиринде, Борбор Азия анын ичинде, Кыргызстанда мамлекет башчысына импичмент жарыялоо мүмкүн эмес. Анткени биринчиден Кыгызстандын Башмыйзамында импичмент көтөрүү эрежеси өтө татаал. Экинчиден, Кыргызстанда парламентин көпчүлүк мүчөлөрү мамлекет башчысына көз-каранды:

- Кыскасы, биздин шартта импичмент болбойт. Анткени шайлоолорго бийлик аралашып, парламентке өзүнө жакын кишилерди көп алып келишкен. Натыйжада алар өздөрү киргизген мыйзам долбоорлорун парламентте көп өткөрүп жүрүшкөндүгү ачык далил. Ошондуктан биздин парламент бийликке көз каранды болгондуктан импичмент маселесин эч убакта көтөрбөйт.

6-апрелде Литва парламенти өлкө президенти Роландас Паксаскага импичмент жарыялады. Президентке орусиялык атуулга жардам берип, мамлекеттик жашыруун сырларды тараткан деген доо коюлду.

XS
SM
MD
LG