Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:02

Жардыргыч зат коюлган деген маалымат калп болуп чыкты


БИШКЕК. Кыргызстандын тартип коргоо органдарынын бирдиктүү оперативдик тобу «Айрек» аттуу реклама агенттик жайгашкан имаратка жардыргыч зат коюлган деген маалымат боюнча тинтүү жүргүзүп, ал жерден эч нерсе тапкан жок. Мындай маалымат 7-апрель күнү кечки саат сегизде Ички иштер министрлигинин кезмет бөлүмүнөн алынды. Ал маалыматка караганда, азыр окуяны улуттук коопсуздук кызматы иликтөөгө киришти. Бишкектеги «Айрек» аттуу реклама агенттиги жайгашкан имаратка жардыргыч зат коюлган деген кат күндүзгү саат төрттө табылган. Маалымат түшөөр менен имаратта иштеген адамдар дароо сыртка чыгарылып, атайын түзүлгөн топ тинтүү жүргүзгөн.

«Айрек» агенттиги борбордун Шопоков жана Бөкөнбаев көчөлөрүнүн кесилишине жайгашкан «Вечерний Бишкек» гезитинин имаратынан орун алган.

XS
SM
MD
LG