Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:26

АКШнын күчтөрү Мехдинин отряддарын талкалай тургандыгын айтты


БАГДАД. АКШнын Ирактагы куралдуу күчтөрүнүн өкүлдөрү шийит мусулмандарынын лидери Моктадиге жан тарткан Мехдинин отряддарын талкалай тургандыгын билдирди. Бул тууралуу АКШнын армия генералы Марк Киммит мындай билдирүү жасады:

- Ирактын борбордук жана түштүк бөлүктөрүндө коалиция жана Ирактын коопсуздук күчтөрү Мехдинин армиясын талкалоо боюнча аракет жүргүзүп жатышат. 1-танкалык дивизиянын бөлүктөрү элди коркутуп жаткан Мехдинин армиясына чабуул жана чалгындоо иштерин жүргүзүүдө. Мамлекеттик имараттарды жана Ирак полициясын коргоого алууда.

Марк Киммит Моктадинин тарапкерлеринин багынып берүүсүн талап кылды.

XS
SM
MD
LG