Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:33

Орус окумуштуусу Игорь Сутягин 15 жылга кесилди


МОСКВА. Москванын шаардык соту АКШнын кызыкчылыгына тыңчылык кылган деп таап, орусиялык окумуштуу Игорь Сутягинди 15 жылга кести.
Игорь Сутягин аскер иштерине байланыштуу маалыматты АКШнын борбордук чалгындоо башкармалыгы менен кызматташкан британиялык фирмага берген деп айыпталып, мындан 4 жыл мурда камакка алынган.

Сутягиндин адвокаттары ал тыңчылык кылган эмес, ачык маалыматтарды гана берген деп эсептешет. АКШнын мамлекеттик департаменти да Игорь Сутягиндин үстүнөн болгон соттун адилеттүүлүгүнө күмөнү бар экендигин билдирди. Департаменттин өкүлү Адам Эрели жабык эшиктин артында өткөн сотто процессуалдык нормалардын сакталышынан күмөн санайт:

- Биз Игорь Сутягиндин үстүнөн болгон сотко күмөн санообузду, мисалы, анын ачык жана тийешелүү процессулдык жараяндар сакталып өткөнүнө күмөнүбүздү билдирдик.

XS
SM
MD
LG