Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:47

Коалициялык күчтөр Фаллужа шаарына чабуул коюуда


ФАЛЛУЖА. Америкалык аскерлер баштаган коалициялык күчтөр Фаллужа шаарына кирип, чабуул жасоону улантып жатат. Салгылашуу айыгышкан мүнөздө өтүп жаткандыгы айтылууда. Маалыматтарга караганда, бир америкалык тик учма кыйроого учурады.
Фаллужа шаарындагы түндө болгон салгылашууда 30дан ашык мусулман өлдү деген кабар бар.

АКШнын аскерлери өткөн жумада бул жерде америкалык төрт аскерди өлтүрүп жана табалап кеткен адамдарды кармоо үчүн согуш жүргүзүп жатат.

Рамади шаарында болсо шийит мусулмандары АКШ аскерлерин чабуулга алып, жок эле дегенде 12 америкалык аскерди өлтүрүштү. Айыгышкан катуу согуш Ирактын эн-Насири деген жеринде да болуп жатканы маалымдалат. Ал жерде шийит мусулмандарынын лидери Моктадинин жактоочулары коалициялык күчтөр менен салгылашууда

АКШнын Мамлекеттик департаменттин өкүлү Адам Эрели кагылышуулардын көпчүлүгүн демократиялык өзгөрүүлөрдү каалабаган азчылык баштап жатат деген пикирин айтты:

- Мен мыйзамдуулукка жана саясий плюрализмге каршы, өздөрүнүнүн саясий ниеттерин тынчтык жол менен билдирүүнүн ордуна зордук-зомбулукту жана коркутууну артык көргөн, өздөрүнүн көз карашын атуулдук парсты ыйык туткан Ирактын жалпы элине таңуулашкан азчылыктын каршылыгына туш болуп жатабыз деп ойлойм,– деди Адам Эрели.

Ак-үйдүн өкүлү Скотт Маклеллан АКШ Ирак тууралуу чечиминен кайра тартпай тургандыгын билдирди.

XS
SM
MD
LG