КАБУЛ. Ооганстандын коргоо министрлиги Фарьябдын түндүк жагындагы кагылышты басуу үчүн өзүнүн 750 аскерин жөнөттү. Мындай кадам Фарьябга үч тараптан чабуул башталгандан кийин жасалды.
Аймак башчысы Казы Инаятулланын айтымында, кагылышуу генералдар Рашид Дустум менен Хашим Хабибинин ортосунда кечээ башталган. Фарьябка өз күчүн жөнөткөн Дустум 2001-жылдын этегинде талиптерге каршы күрөштө Кошмо Штаттарга жардам берген түндүк аймактагы абройлуу командачылардын бири, улуту өзбек.
Маалыматтарга караганда, кагылышта жабыр тарткандар бар. Ушуну менен өкмөт бир ай ичинде аймак башчыларына таандык күчтөрдүн кагылышуусун басуу үчүн экинчи ирет өз күчүн жөнөтүп отурат.