ВАШИНГТОН. Коалициянын аскерлери Иракта козголоңчуларга каршы күрөштү улантууда жана үйүнө кайтууну болжогон америкалык айрым аскерлер жагдайга байланыштуу сапарын убактылуу токтото турушу ыктымал. Мындай билдирүүнү Пентагондо АКШнын коргоо министри Доналд Рамсфелд жасады. Учурда Иракта америкалык 135 миң аскер бар.
- Кошмо штаттар милдеттерин аткарып бүтмөйүнчө өз багытынан кайтпайт. Президент Буш айткандай, биз Ирактагы 25 миллион адамды бошотуш максатындагы жоготууларга баш кесерлерден чегинүү үчүн барган эмеспиз, - деди Рамсфелд.
АКШнын коргоо министри ошондой эле учурда АКШ аскерлери күрөшүп жаткан шийиттердин жол башчысы ас-Садырга экинчи бир шийит лидерин өлтүрдү деген айып тагылып жатканын билдирди.