Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:29

9-апрелде аба ырайы кандай болот?


Бишкектеги аба ырайын маалымдоо борборунун шашылыш билдирүүсү боюнча 9-апрелде Бишкек-Ош автожолунун 120-138 жана 198-260 чакырым аралыктарында көчкү жүрүшү күтүлүүдө.
Бүгүн республиканын кээ бир аймактарында жаан-чачын болуп, түндүк-батыш тараптан сыдырым жел жүрүп турат.
ТАЛАС облусунда абанын температурасы түнкүсүн -1…-3 градус суук, күндүз +6…+11 градус жылуу.
БАТКЕН, ОШ, ЖАЛАЛАБАД дубандарында түнкүсүн 0…+5, күндүз +8…+13 градус жылуу.
ЫСЫККӨЛ жана НАРЫН аймактарында түнкүсүн -3 градус сууктан +2 градуска чейин жылуу, күндүз +9…+14 градус жылуу болушу күтүлөт.
Сарыөзөн ЧҮЙДӨ түнкүсүн -1…-3 градус суук, күндүз +7…+12 градус жылуу.
Ордо калаабыз БИШКЕКТЕ жамгыр жаашы күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн -1…-3 градус суук, ал эми күндүз +9…+11 градус жылуу болот.

Жаңылыктар топтомун Бүбүкан Досалиева, Бакыт Аманбаев жана облустардагы кабарчылар даярдашты.

Редактор - Кубат Оторбаев.

XS
SM
MD
LG