КАРАКОЛ. Катка 22 адам кол койгон. Арыз ээлеринин тынчсызданууларына караганда «Чыгыш» кичи районунан шаардын борборуна автоунаа аз каттайт. Жол азабын айрыкча мектеп окуучулары тартууда. Кичи райондон кыйла алыс жайгашкан мектептерге барып келип окуган окуучулар таңкы саат жетиден баштап жолго чыгышат. Автоунаалар болсо саат сегизден баштап гана араң кыймылга келет. Кышкы аязда көк муштум болуп үшүгөн өспүрүмдөрдүн ден соолуктарына тынчсызданган жетекчи жок деп билдиришет арыз кат ээлери.
Ошондой эле алар Каракол шаарынын жолдорунун жыртык-тешиги качан оңолот деп суроо койушкан. Арыз ээлеринин жазгандарына караганда облустун ордо калаасындагы аялдамалар адам көргүс абалда.
Ошондой эле алар Каракол шаарынын жолдорунун жыртык-тешиги качан оңолот деп суроо койушкан. Арыз ээлеринин жазгандарына караганда облустун ордо калаасындагы аялдамалар адам көргүс абалда.