БИШКЕК. Кыргыз өкмөтү бардык деңгээлдеги мамлекеттик кызматкерлердин жана алардын үй-бүлөө мүчөлөрүнүн кирешеси тууралуу маалыматты коомчулукка ачык жарыялоо тууралуу мыйзам долбоорун даярдоодо. Өкмөттүн маалымат кызматынын кабарлоосуна караганда, мыйзам долбооруна ылайык ар бир мамлекеттик кызматкер өзүнүн киреше булагы жана жеке мүлкү тууралуу коомчулукка маал-маалы менен кабарлап турууга милдеттүү. Мындай мыйзам долбоору жакында Жогорку Кеңештин кароосуна жөнөтүлөт.