БАТКЕН. Баткен районунун Өзбекстанга чектеш Газ жана Согмент айылдарынын жашоочулары минадан сактанууну үйрөнүп жатышат. Мындай иштер "Кызыл жарым ай" коомунун мина коркунучун калкка түшүндүрүү долбоорунун алкагында жүргүзүлүүдө. Долбоордун координатору Кыялбек Сабытовдун билдирүүсүнө караганда, Өзбекстанга чектеш бул аймактарда дале болсо мина жарылуу коркунучу сакталып турат. Андыктан эл, өзгөчө жаш балдар андан кантип сактануу тууралуу маалыматтарга муктаж. Өткөн жылдан тартып иштей баштаган бул долбоор буга дейре Баткендин Чоңталаа, Сай жана Саян айылдарында ушундай эле иштерди жүргүзгөн.
Мындан сырткары мурда эч кандай эскертүү белгилери коюлбаган мина көмүлгөн талааларга атайын көрнөктөр орнотулган. Ал эми быйыл долбоор өз ишмердигин кеңейтип, Өзбекстандын Сох анклавына жакын Газ жана Согмент айылдарында да иш жүргүзө баштады.
Өзбекстан тарабынан кыргыз-өзбек чегарасына коюлган минадан 1999-жылдан бери 14 жарылуу болуп, андан Баткен облусунун эки жашоочусу каза таап, үчөөсү оор жарат алган.