Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:42

Ж.Сорос Бишкектеги Америка университетин колдойт


БИШКЕК. Ачык коом институтунун төрагасы Жорж Сорос Борбор Азиядагы Америка университетинин өнүгүшүнө кам көрүүгө жана Бишкектеги Экономикалык саясат институтун калыптандырууга даяр экендигин билдирди. Мындай маалыматты бүгүн тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы таратты. Ал маалыматка караганда, Жорж Сорос мындай нийетин 6-апрелде Кыргызстандын АКШ менен Канададагы элчиси Бакытбек Абдрисаев менен жолугушуу учурунда билдирген. Ал жолугушууда элчи Жорж Сороско президент Аскар Акаевдин жеке катын тапшырып, Бишкекте жайгашкан Борбор Азиядагы Америка университетин өнүктүрүү тууралуу пикир алышкан.

XS
SM
MD
LG