Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:42

Куланак айылын суу каптап жатат


НАРЫН. Бул тууралуу Куланак айыл өкмөтүнүн башчысы Бердибек Абдыраимов маалымдады. Айыл өкмөт башчысынын айтымында, күндүн тез жылып кетишинен улам апрель айынын башынан бери Терексуу жана Куржулка коктуларынан агып түшкөн кар суусу айылдагы 5 үйдүн багын толук каптап, теңин жараксыз абалга келтирген жана 3 үйдүн короо жайы зыянга учураган. Тоодон түшкөн кар суусу 70ке жакын үйдү каптачудай болуп турат. Эгер суу каптаса айылдагы 355 адам кыйынчылык тартат. Айыл өкмөтү бульдозерди дайыма иштетүүдө. «Кырдаалдын кыйынчылыгын губернатор Аскар Салымбеков көрүп, жардам бермей болду»,-дейт айыл өкмөт башчысы Бердибек Абдыраимов.

XS
SM
MD
LG