Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Март, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:53

Каракулжада көчүп жатышат


ОШ. Район акими Рашид Тажибаевдин "Азаттыкка" берген маалыматына караганда, Каракулжа районунда жер көчкү жана сел каптоо кырсыктарына туш болуу коркунучунда турган 507 үй-бүлө бар. Анын ичинен 301 үй-бүлө бүгүнкү күнгө чейин туугандарыныкына, мектептерге жана башка бош имараттарга көчүрүлгөн. Ал эми көчүрүүдөн мурун элге алдын-ала түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат. Акимдин айтымында, тургундары көчүрүлгөн үйлөр коопсуздук максатында жашоого жараксыз кылып бузулууда. Бул иштин үстүндө Экология жана күтүүсүз кырдаалдар министрлигинен адистер жана онго жакын аскер кызматкерлери иштеп жатышат. 2003-2004-жылы райондогу Сарыбулак айылында 4 жолу, Буйга айылында бир, Каракулжа айылында 2-3 млн. кубметр өлчөмүндө жер көчкү кырсыктары болгон.

XS
SM
MD
LG