Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:30

Жер көчкү жүрүү коркунучу күч


БИШКЕК. Бүгүн эртең мененки саат беш жарымда Ысыката районундагы Тогузбулак айылына жакын жердеги Сарыжыгач капчыгайында жер көчкү болду. Көлөмү 75 миң кубометрге жеткен көчкүдөн жабыр тарткандар жана кыйроолор болгон жок. Ал эми Алай районунун Савай айылынын жанында көлөмү 6 миллион кубометрге жеткен жер көчкү жүрүү коркунучу күчөп, ал жердеги райондук кургак учук ооруканасы башка жакка көчүрүлдү. Ош областынын Өзгөн районундагы Жалпакташ айыл өкмөтүнүн аймагындагы жер көчкү болушу мүмкүн болгон жерден 52 турак үй бузулуп, тургундары көчүрүлдү.

XS
SM
MD
LG