Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:27

«Хизб ут-Тахрир» партиясынын баракчаларын тараткандар кармалышты


ЖАЛАЛАБАД. Өлкөдө ырасмий катталбаган уюмдун 23, 26 жаштардагы эки мүчөсү 7-апрель түнү Жалалабад шаарына бул партиянын баракчаларын таркатаарда кармалышкан. Аларды областтык улуттук коопсуздук башкармасынын кызматкерлери колго түшүргөн. Башкармалыктан 8-апрелде алынган маалымат боюнча, баракчалардын мазмунун текшерүү үчүн экспертизага жиберилди.
Уюмдун мүчөлөрү облуста көбөйүп бараткандыгы айтылууда. Жыл башынан бери ички иштер кызматкерлери Сузак, Базаркоргон, Аксы райондорунан 9 адамды кармашып, аларга ачылган кылмыш иштерин сотторго өткөрүшкөн.

XS
SM
MD
LG