Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:09

Үй-жайсыз калган атуулдардын абалы оор


БИШКЕК. "Бишкек эт комбинатынын" имаратынан сыртка күч менен чыгарылган он бештен ашык үй-бүлөө он күндөн бери ачык асман алдында күн өткөрүшүүдө. Алардын айтымында, куулгандардын бири, милиция кызматкерлеринин коркутуусунан жабыркаган 25 жаштагы аял сууктан улам каза болуп, бейшемби күнү сөөгү жерге берилди. Жабырлануучулар буга чейин өздөрүнүн арыз-муң талаптары менен өкмөт башчы Николай Танаев баш болгон бийлик өкүлдөрүнө кайрылышкан. «Он күндөн бери бир дагы бийлик өкүлү бизден кабар алган жок», - деп кабарлашты ачык асман алдында күн өткөрүп жаткан атуулдар «Азаттыктын» кабарчысына.

Эскерте кетүүчү нерсе, эт комбинатынын имаратында 1999-жылдан бери жашаган үй-жайсыз 60тан ашуун үй-бүлөнү милиция кызматкерлери 30-мартта күч менен көчөгө чыгарган.

XS
SM
MD
LG