Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:01

Евротуннелдин жетекчилиги алмашылды


Британия менен Францияны бириктирип турган Ла-Манш кысыгындагы туннелди банкроттуктан сактап калуу далалаты менен, майда акция кармоочулардын тобу өткөн түнү буга чейинки жетекчилерди өздөрү тандаган жетекчилер тобу менен алмаштырууга добуш беришти. Акция кармоочулар жетекчиликтеги өксүктөрдөн улам Евротуннелдин акциялары кескин арзандап кеткендигин айтышты. Евротунел 1987-жылы ишке киргизилген. Өткөн жума күнү баалуу кагаздар базары жабылаардын алдында Евротунелдин акциялары Париж биржасында 60 евроценттен сатылды. Бул сатыкка түшкөндөн бери бул акциялар 89 центке арзандады дегенди билдирет.

Кечки жаңылыктар түрмөгүн даярдаган - Жаңыл Жусубжан, Прага

XS
SM
MD
LG