Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:28

Руанданын президенти 10 жыл мурдагы геноцид үчүн эларалык коомчулукту айыптады


Пол Кагаме 1994-жылы жүз күндүн ичинде 800 миң кишинин өмүрү кыйылганы үчүн руандалыктар жоопкер экенин моюнга алды. Ошол эле убакта ал Францияны хуту экстремисттерин машыктырып, куралдандырган болчу деп доомат койду. Франция бул дооматты четке кагып, Руандага барган тышкы иштер министринин өкүлүн чакыртып алды.

Кигалидеги эскерүүгө Батыш өлкөлөрүнөн Руанданын мурдагы колонизатору Белгиянын гана өкмөт башчысы келди. Бириккен улуттар уюумунун жетекчиси Кофи Аннан эларалык коомчулук Руанда геноцидин алдын алуу үчүн жетиштүү аракет көрбөгөнүн мойунга алды.

XS
SM
MD
LG