Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:53

НАТОнун жетекчиси Путин менен жолугушту


НАТОнун баш катчысы Яап де Хооп Скеффер бүгүн Маскөөдө Орусиянын президенти менен сүйлөшүү жүргүздү. Жакында НАТОго мурдагы коммунисттик блоктун дагы жети өлкөсү кабыл алынган эле. Владимир Путин НАТОнун кеңейиши учурдагы көйгөйлөрдү чечүүгө жардам бере албайт деп билдирди:

– Жашоо көрсөткөндөй, бул өңдөнгөн механикалык кеңейүү биз туш келип жаткан коркунучтарды жоюга алымдуу көмөк боло албайт. Бул кеңейүү Мадриддеги террордук чабуулдарды болтурбай койо алган жок, бул жараян бизге Ооганстанды калыбына келтирүүгө жардамчы боло албайт.

Путин жана коргонуу министри Сергей Иванов менен жолугушкандан кийин де Хооп Схеффер НАТО Орусиянын мүдөө-максаттарына кастарын тикпейт деп ишендирди:

- Кеңейтилген НАТОнун Орусиянын кызыкчылыгына кайчы боло турган эч кандай көмүскө пландары жок.

Ал эми министр Иванов "Орусия НАТО менен "нукура" коркунучтар боюнча кызматташууга даяр" деди.

XS
SM
MD
LG